Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Жалалабадда энелердин жана ымыракайлардын өлүмүнө арналган жыйын өттү


ЖАЛАЛАБАД. 9-январда кош бойлуу аялдар менен бөбөктөргө жардам көрсөтүүнү жакшыртуу чараларын талкуулаган семинар өттү. Ага республиканын, облустун дарыгерлери менен эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Энелер менен ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө ооруган учурда доктурга кайрылбагандык жана өлкөдөгү жалпы социалдык-экономикалык оор абал таасир берээри айтылды.Былтыр ушундай кырдаалдан улам өлкө боюнча кош бойлуу 59 аял көз жумган. Бойдон алдыруулардын саны да үч жарым эсеге өскөн. Ал эми ички иштер министрлиги 30 миң секс кызматкерин каттаган. Эне-баланын өлүмүн кыскартуу үчүн АКШнын "Хоуп" долбоорунун алкагында былтыр облуска 190 миң сомдук жабдуулар берилип, 240 адам окутулган.

XS
SM
MD
LG