Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Ошто


ОШ. Индиянын Кыргызстандагы элчиси ушул күндөрдө Ош жергесинде иш сапар менен жүрөт. Элчи Апунни Рамеш мырза Оштогу биринчи иш сапарын Сулайман тоону кыдыруу менен баштады. Андан кийин Ош шаарын кыдырып көрдү. Айрыкча, Ош мамлекеттик университетиндеги Индия борборуна кенен токтолду. Ош облус мамлекеттик акимчилигинин башчысынын биринчи орун басары Нишанбаевдин, Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашевдин кабыл алуусунда болду. Элчи Аппуни Рамештин катышуусу менен Ош кыргыз драма театрында Махатми Гандинин өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн чагылдырган фото көргөзмө, Индия фильмдеринин жумалыгы ачылды.

XS
SM
MD
LG