Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын миссиясы келди


БИШКЕК. Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын айыл чарба инвестициялары боюнча долбоорунун жетекчиси Генц Шрайбер жетектеген миссиясы келди. Сапардын башкы максаты Кыргызстанда жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан ишке ашырылып жаткан айыл чарба тармагын инвестициялоо долбоорун текшерүү. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Долбоор 2003-жылдан тартып ишке киргизилген жана ага Дүйнөлүк банк 15 млн. АКШ долларын бөлгөн. Долбоордо айылдардагы жамааттарды чакан кредиттер менен камсыз кылуу, айыл жериндеги инфраструктураны жакшыртуу, социалдык маданий объектилерди куруу иштери каралган. Бүгүн Дүйнөлүк банктын миссиясы долбоордун алкагында Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жакынкы күндөрдө айыл жана суу чарба министри Александр Костюк менен жолугушат жана Ош облусунун айрым айылдарында болушат. Миссиянын иш сапары апта аягында соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG