Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Ысыккөл облусундагы айрым саясий партиялардын өкүлдөрү билдирүү жасашты


БИШКЕК. «Эгерде кийинки президенттик шайлоо өлкөнүн Конституциясына ылайык өткөрүлбөсө, Кыргызстанда күтүлбөгөн окуялар болушу мүмкүн. Бул калктын чоң нааразылыгын пайда кылат». Мындай билдирүүнү бүгүн «Асаба», КДК, «Жаңы Кыргызстан», Кыргызстан коммунисттери, Социал-демократиялык партиялардын Ыссыкөл облусундагы бөлүмдөрү жана облустагы «Жарандык бирлик» коомдук бирикмеси таратты. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Асаба» партиясынын Ысыккөл облусундагы бөлүм башчысы Канимет Жакыпбектегин маалымдады. Билдирүүдө алар Аскар Акаевдин талапкерлигин кийинки президенттик шайлоодо дагы бир ирет көрсөтүү, президенттин иштөө мөөнөтүн референдум аркылуу узартуу сыяктуу коомдо айтылып жаткан сунуштар бийлик өкүлдөрү тарабынан атайын уюштурулгандыгын жана алар мыйзамсыз иш-чаралар экендигин белгилешти. Билдирүү ээлеринин пикири боюнча, «жакынкы жылдарда өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн президенттик шайлоо Башмыйзамдын чегинде өтүшү керек».

XS
SM
MD
LG