Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил мыйзамы талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону улантты. Бул күнү 39 беренеден турган мыйзам долбоорунун 30-беренесине чейин талкуу болуп, 19-беренесинен башкасы кабыл алынды. 19-беренеде «Жалпы билим берүүчү мектептерде класстан класска көчүрүү, бүтүрүү, ал эми кесиптик, орто жана жогорку окуу жайларда кирүү жана бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө мамлекеттик тил боюнча жазуу жүзүндө ишке ашырылат» деп жазылган. Катуу талаш жараткан бул беренени кабыл алып, дагы толуктоо үчүн кийинки мөөнөткө калтырылды. Буга чейин «улуту кыргыз жарандар мамлекеттик тилде сүйлөй жана жаза билүүгө милдеттүү» деп жазылган 3-берене, «кыргыз тили мамлекеттик тил катары улут аралык катнаштын да тили болуп эсептелет» деп жазылган 4-берене жана «Мамлекеттик кызматкер өз милдетин аткарууга зарыл көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү» деп жазылган 10-берене боюнча талаш болуп, депутаттар аларды толуктоо үчүн кийинки мөөнөткө калтырышкан. Бул күнкү отурумга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышып, мыйзам тууралуу түшүндүрмө берди.

XS
SM
MD
LG