Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Өкмөттүн структурасындагы ири өзгөрүү күзүндө болот


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында өкмөттүн структурасы кайра түзүлөт. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Төраганын сөзүнө караганда, өкмөттүн структурасын реформалоо боюнча, атайын жумушчу комиссия түзүлгөн. Анын курамында депутаттар да бар. Өкмөттөгү структуралык ири өзгөртүүлөр Баш мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө. Ал эми президенттин 7- февралдагы жардыгы менен кызматка дайындалган министрлерге Эл өкүлдөр жыйыны макулдукту жыйындын март айында болуучу кезектеги сессиясында берет.

XS
SM
MD
LG