Укук коргоо органдары аны издөөнү улантып жатат. И.Рыбкиндин шайлоо штабынын башчысы Ксения Пономареванын билдиргенине караганда, саясатчынын дайынсыз жоголушу боюнча бир нече жоромол бар:
- Албетте, жоромолдордун бири - кылмыш. Көптөгөн саясатчылар менен саясий аналитиктер тарабынан айтылган экинчи жоромол боюнча бул - Иван Рыбкиндин өзү тарабынан атайлап жасалган пропагандалык иш чара. Буга менин каршымын. Мен көп жылдардан бери жакшы билгендей, Иван Петрович мындай жорукка барбайт.
Кезинде Мамлекеттик думанын спикери, Коопсуздук кеңештин катчысы болуп иштеген Иван Рыбкин өткөн бейшембиден бери дайынсыз. Ал 14-мартка белгиленген президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышып жаткан жана шайлоодо жеңип чыгаары күтүлүп жаткан президент В.Путин үчүн олуттуу атаандаш катары эсептелбейт.