БАТКЕН. Баткен облусунун губернаторунун үч орун басары кызматтарынан бошоду. Облусттук акимчиликтин басма сөз кызматынан 10-февралда алынган маалыматка караганда, облус губернаторунун коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча орун басары Абдувашит Мусаев, социалдык маселелер боюнча орун басары Галина Абдырасулова жана айыл чарба иштери боюнча орун басары Султанмурат Латипов өз арыздарынын негизинде ушул жуманын башынан тартып ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бирок азырынча бул бошогон орундарга эч ким дайындала элек. Облус башчысы жаңылангандан бери буга дейре губернатордун биринчи орун басары менен акимчиликтин аппарат жетекчиси да алмаштырылган.