БИШКЕК. Ысыккөл облусуна караштуу Чолпоната шаарында укук коргоо органдары менен атуулдук сектордун ортосундагы талаштарды чечүү маселелери боюнча семинар улантылууда. Анда атуулдук коом тарабынан уюштурулган нааразылык акциялары, митинг жана пикеттердин учурунда түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү талкууланууда. Жыйынга республиканын улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жыйында Хорватия менен Словениядан келген адистер тренингдерди өткөрүшүүдө. Ага катышып жаткан укук коргоочу Азиза Абдрасулова бүгүн «Азаттыкка» маалымдагандай, тартип коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү митинг, пикет учурунда бийликтин буйругун аткарышаары айтылууда. 9-февралда башталган жыйын “Эларалык толеранттуулук үчүн” коомдук уюму тарабынан Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен уюштурулууда. Семинардын жыйынтыктоочу бөлүгү 13-февралда Бишкекте «Достук» мейманканасында өтөт.