Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Күйүүчү майдын кымбаттабашына кепилдик жок


БИШКЕК. Жазгы айдап-себүү өнөктүк маалында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасынын бир калыпта турушуна кепилдик жок. Анткени Казакстан 1-марттан тартып сыртка мунайзаттарын сатууга тыйуу салат. Бул тууралуу мунайзат ташып келүүчү ассоцациясынын башчысы Олег Забара бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга сырттан 80% жакын күйүүчү май ташылып келинет. Учурда өлкөнүн муктаждыгын толук камсыз кылууга жеткидей күйүүчү май бар. Бирок өлкөдөгү акциздик салыктын жана кошумча нарк салыгынын кымбаттыгынан күйүүчү майдын баасын арзандатууга мүмкүнчүлүк жок. Кыргызстанда 1 тонна күйүүчү май Казакстанга салыштырмалуу 50 долларга кымбат. Мунайзат ташып келүү ассоцациясы мунайзатка акциздик салыктын баасын төмөндөтүү сунушу менен өкмөткө кайрылды.

XS
SM
MD
LG