Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Орусия жакында мунай өндүрүү боюнча дүйнөдөгү биринчи орунга чыгат


Орусиянын ЮКОС аттуу мунай компаниясынын башчысы Семен Кукес кечээ күнү Нью-Йорк шаарында АКШнын Тышкы байланыштар кеңешинде чыгып сүйлөп, 2009-жылы Орусия Сауд Арабиядан көп мунай өндүрө баштайт деп билдирди: "Менин баамымда, 2009-жылы Орусия мунай өндүрүү боюнча дүйнөдөгү биринчи орунга чыгып, Сауд Арабиядан ашат, мунай менен газды бириктирип санаганда, Орусия ансыз деле азыр биринчи орунда". Кукес - Орусияда туулган АКШ жараны. ЮКОСтун мурдагы башчысы Михаил Ходорковкий болсо октябр айында камакка алынган. Орус өкмөтүнүн айтымында, компания үч миллиард 400 миллион доллар салык төлөгөн эмес.

 

XS
SM
MD
LG