Кайчы пикирлерди, нааразылык акцияларын жараткан бул мыйзамды француз парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук ассамблея биринчи окууда көпчүлүк добуш менен жактырды. Ага ылайык, маселен, мусулман кыздардын мамлекеттик мектептерде жоолукчан жүрүүсүнө тыюу салынат. Документ эми парламенттин жогорку палатасы – Сенатта каралып, кайра төмөнкү палатада экинчи окуудан өтүшү керек. Францияда жашаган 5 миллиондой мусулман аталган мыйзамды дискриминациялык деп эсептешет. Документ сентябрь айында, жаңы окуу жылынан тартып күчүнө кирээри күтүлүүдө.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага