Бул Ливиянын жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн Британияга акыркы 20 жылдан ашуун убакыттан бери алгачкы ирээт келиши. Өлкөнүн тышкы иштер министри Абдел–Рахман Шалкам Лондондо британиялык кесиптеши Жек Стро жана премьер-министр Тони Блэр менен кездешти. Жек Стро кечээги сүйлөшүүлөрдү "өтө жемиштүү" деп баалады. Анын айтымында эки өлкө азыр бир катар маселелерде бирге иштөөнү көздөөдө:
- Биз азыр Ливия менен байланышты күчөтүүнү, саясий, маданий, соода алакаларды өнүктүрүүнү көздөйбүз. Ливияга экономиканы кайра түзүүдө жардам беребиз, террорчулукка каршы күрөштө кызматташабыз.
Жек Стронун билдиргенине караганда, британ премьери Тони Блэр Ливия лидери Муаммар Каддафи менен "ыңгайы келээр замат" жолукмакчы. Ливия тышкы иштер министринин Лондондогу визити өлкө эл аралык камоолдон чыга баштаганынын белгиси. Ливия былтыр жыл соңунда массалык кыргын салуучу куралдар программасынын баарын токтотконун жарыялап, өлкөгө эл аралык инспекторлорду чакырган. Ал эми кечээ Муаммар Каддафи менен Ливияда Италиянын премьер- министри Сильвио Берлускони жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну белгисиз, бирок тараптар Жакынкы Чыгыш маселесин жана экономикалык кызматташтыкты талкуулаары күтүлүп жаткан.