Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Таластагы «Робин» кыргыз-түрк ишканасы Кыргызстандан чыгарылбайт


ТАЛАС. Карабуура райондук сотунан 11-февраль күнү алынган маалыматка караганда Бакайата районунда каттоодон өткөн кыргыз-түрк "Робин" фирмасынын негиздөөчүлөрү Сүлейман Машалла, Мехмед Акдеңиз жана Таниери Мехмедисаны Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүүгө юридикалык негиз жок. Мына ушундай мазмундагы токтомду Карабуура райондук соту 28-январда Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 390-беренесине ылайык чыгарган. Токтомго нааразы тарап он күндүк мөөнөттө арызданууга укуктуу эле, бирок токтом чыккандан бери сотко андай мазмундагы арыз түшкөн эмес.
Эсиңиздерге сала кетели, таластык төө буурчак өстүрүүчүлөр өткөн күздөн бери "Робин" фирмасынын Таластагы ишин токтотууну жана анын чет элдик жетекчилерин Кыргызстандан чыгарып жиберүү талабын коюп, нааразычылык акцияларын уюштуруп келишкен.

XS
SM
MD
LG