Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Дүйнөлүк Банк 5 миллион доллар грантты күзүндө ишке киргизет


БИШКЕК. Майлусуудагы уран калдыктарына байланышкан проблемаларды жөнгө салуу үчүн Дүйнөлүк Банк бөлүп жаткан 5 млн. доллар грант июнь айынын этегинде ишке кириши күтүлөт. Бул тууралуу кечээ өткөн коомдук угууда Дүйнөлүк Банктын өкүлү Йур Стаудиейск билдирди. Анын айтымында, программа маселенин социалдык жана экологиялык өңүтүн гана камтыйт. Учурда долбоорду ишке киргизүү максатында уу зат калдыктары сакталган жайларды иликтөө жүргүзүлүүдө. Ал үчүн Дүйнөлүк Банк аркылуу жапон өкмөтү былтыр Кыргызстанга 478 миң доллар берген.
Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Майлусуу аймагында уу зат калдыктарын сактоочу 23 жай бар. Булардын жагдайын аймакта орун алган 200дөй жер көчкү татаалдаштырууда. Ал эми өлкө боюнча уу зат калдыктарын сактоочу 35 жай бар. Алардын 30унда уран калдыктары сакталып турат.

XS
SM
MD
LG