Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамы иштебей жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын борбордон окчундатуу боюнча улуттук стратегиясынын алкагында кабыл алынган «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзам иштебей жатат. Бул өксүктү толтуруу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Мындай пикир бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети уюштурган парламенттик-коомдук угууда белгиленди. Жыйынга Өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары, БУУнун өнүгүү программасынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Мыйзамдын иштебей жатышынын себеби катары алар аталган мыйзамдын чийкилигин, жетишсиз каржылоону жана айыл өкмөттөрүнө райондук, облустук бийликтин тоскоолдуктарын аташты.

XS
SM
MD
LG