Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Кыргызстандын өнөр жайынын өсүш деңгээли КМШ өлкөлөрүнөн жогору болду


БИШКЕК. 2003-жылы Кыргызстан өнөр жай тармагындагы өсүш боюнча КМШ өлкөлөрүнөн алдыга озуп чыкты. Маселен, 2003-жылы Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүү көлөмү 2002-жылга салыштырганда 17 пайызга, Украинада 15, Арменияда 14, Молдавияда 13, Грузияда 10, Тажикстанда 10, Казакстанда 8, Орусияда 7, Беларусияда 6, ал эми Азербайжандын өнөр жайынын өнүгүшүнүн өлчөмү 6 пайызга жогорулаган. Мындай маалыматты КМШ нын Мамлекеттер аралык статистикалык комитети таратты. Жогорудагыдай маалыматка айрым кыргызстандык саясатчылар ишенишпейт. Алардын айтмында, соңку жылдары Кыргызстандын өнөр жайы кагаз бетинде гана өнүгүп, иш жүзүндө карапайым элдин жашоосу барган сайын начарлоодо.

XS
SM
MD
LG