Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

CSAC программасын аткаруу деңгээли ортодон жогорулай элек


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү CSAC программасынын алкагында берилип жаткан кредиттин үчүнчү траншын алуу үчүн Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн меморандумдун талаптарын аткарышы керек. Анткени, Париж клубу келерки жылы карыздардын айрым бөлүгүн кечээр-кечпеси ушул жагдайга байланыштуу аныкталат. Мындай пикирин премьер министр Николай Танаев CSAC программасынын алкагында алынган кредиттин аткарылышын талкуулаган өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтымында, программаны аткаруу деңгээли ортодон жогорулай элек. 10 жылга эсептелген CSAC программасынын алкагында Кыргыз өкмөтү энергетика, газ жана байланыш тармактарында менчиктештирүү иштерин соңуна чыгарышы керек. Программага ылайык Кыргызстанга үчүнчү траншты бөлүү мөөнөтү чукулдады. Ага чейин, акыркы эки ай аралыгында Дүйнөлүк Банктын миссиясы келип, мурдагы берилген эки транштын аткарылышынын абалын териштирет.

XS
SM
MD
LG