Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Өзбекстанда прокурор райондук соттон уулу түрмөдө көз жумган 62 жаштагы аялды эркинен ажыратууну талап кылды


Өткөн октябрь айында камакка алынган Фатима Мукадировага үйүндө тыюу салынган баракчаларды сактаган, аны менен конституцияны бузууга аракеттенген деген кинелер тагылган. Анын уулу Музафар Авазов 2002-жылы шектүү диний ишмердиги үчүн камалып, көп узабай түрмөдө жан берген. Укук коргоочулар ал темир тор артында диний жөрөлгөлөрдү аткарган үчүн ур-токмокко кабылып, күзөтчүлөрдүн кыйноосунан улам өлдү деп кабарлашкан. Анын улгайган энесинин иши бүгүн райондук сотто каралып, прокурор Шахноза Шарипова соттон Мукадированы алты жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө кесүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG