Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Борбор Азиялык төрт өлкөнүн вице-премьер-министрлери Сырдарыя алабында түзүлгөн кырдаалды талкуулаш үчүн Бишкекте чогулушту


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери Бишкекте чогулуп, Сырдарыя алабындагы суу ресурстарын биргелешип пайдалануу маселесин талкуулап жатышат. "Аталган чөлкөмдөгү суу сактагычтарда суу адаттан ашыкча топтолду, жакынкы айларда кырдаал дагы начарлап кетиши мүмкүн", - деп эскертти анда Кыргызстандын премьер-министринин орун басары Базарбай Мамбетов. Казакстан Шардарыя суу сактагычындагы суунун көлөмү коркунучтуу деңгээлге жетип, жакында тегерегиндеги айыл-кыштактарды каптап кетиши мүмкүн деп чочулап, ушул аптада 1300дөй кишини башка жактарга көчүрө баштады. Андагы суунун көлөмүн азайтыш үчүн Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмүн кыскартуусу зарыл. Бирок Кыргызстан өзүнүн отун-энергетикалык проблемаларынан улам электр өндүрүп чыгаруу максатында Токтогул ГЭСиндеги иштерди активдештирүүгө аргасыз экенин айтат.

XS
SM
MD
LG