Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Иранда бүгүн ислам ыңкылабынын 25 жылдыгы белгиленип жатат


Ирандын президенти Мохаммад Хатами исламдык ыңкылаптын 25 жылдыгына арналган жыйында саясий эркиндиктерди чектөө аракеттери улуттун келечегине коркунуч келтирет деп белгиледи. Өлкөдөгү эң маанилүү майрамдын мааракесине карата бүгүн Тегеранда өткөн жөө жүрүшкө жүз миңдеген адамдар катышышты. Шаардагы башкы аянтта чогулгандар алдында сүйлөгөн президент Хатами буларга токтолду.
- Ислам ыңкылабы жеңгенине бүгүн чейрек кылым толду. Анын алдында дал ушул бүгүн сиздер чогулган аянтта исламды туу туткан миңдеген адамдар топтолуп, көз карандысыздыкты жана эркиндикти даңазалашкан.
Эмки жумада Иранда өтө турган парламенттик шайлоодон 2000ден ашуун реформачыл талапкер четтетилген. Хатами өз сөзүндө шайлоо – эркиндиктин символу болгондуктан, андагы чектөөлөр элдин келечегине коркунуч келтирет деп басым жасады.

XS
SM
MD
LG