Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Израил аскерлеринин огунан 14 палестин мерт болгону маалымдалды


Газа секторундагы атышуу маалында Израил аскерлеринин огунан кеминде 12 палестин, алардын арасында "Хамас" уюмунун активисттеринин бири курман болушту. Кабар агенттиктери жана жергиликтүү догдурлар кагылышууларда дагы 35 адам жарадар болгонун маалымдашты. Израил армиясы адегенде аскерлерди көздөй ракеталык чабуул коюлгандыктан, ок ачып жооп бергенин билдирет. Жөөт аскерлери бүгүн шектүү согушкерлерди колго түшүрүү максатында Рафах калаасында да рейд өткөрүп, ал жерде 2 палестин өлүп, үч киши жараат алганы маалымдалды. Тел-Авив палестин аймактарында курал-жарак соодалоо түйүндөрү менен көмүскө жолдорун жок кылуу операциясы жүрүп жатканын айтат.

XS
SM
MD
LG