Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Жорж Буш өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча жаңы демилге көтөрдү


ВАШИНГТОН. АКШнын президенти Жорж Буш өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча жаңы демилге менен чыкты. Кечээ Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Жорж Буш МАГАТЭни сынга алып, бул уюм кеңири кыргын салуучу куралдардын жайылышына каршы иштей турган атайын комитет түзүшү зарыл деп айтты. АКШ президентинин сөзүнө караганда, азыр террорчуларда өзөктүк куралдарга ээ боло турган мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Мисал катары Жорж Буш пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хандын кеңири кыргын салуучу куралдар боюнча жашыруун сырларды чет мамлекеттерге сатып келгендигин белгиледи. Жорж Буштун айтымында, өзөктүк курал жасабайбыз дегени менен, Иран жана Түндүк Корея байытылган уранды иштетүү боюнча программаларынан баш тартпай келатышат.

XS
SM
MD
LG