ЖАЛАЛАБАД. Көчмө коллегияда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, облустагы орто мектептер менен окуу жайлардагы билим берүүнүн сапаты төмөн. 127 мектепте мугалимдердин билим сапаты начар. Мектеп башчыларынын 60 пайызы ачык сабакка кызыкпайт. 5 негизги сабак боюнча облустагы окуучулардын 84 пайызы, Тогузторо районундагы мектептерде окугандардын 98 пайызы экиге окуйт. Сабакка жетишүү Ноокен, Алабука райондорунда жакшы эмес. Ушул маселелерди көтөргөн коллегия билим сапатын жакшыртуу максатында окуу куралдары менен толук камсыздоону, кечки жана сырттан окутуучу мектептерди ачууну сунуш кылды.
Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустагы кабарчылар даярдашты
Редактор - Бакыт Аманбаев
Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустагы кабарчылар даярдашты
Редактор - Бакыт Аманбаев