Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

«Хизб ут-Тахрир» уюмуна каршы күрөштү күчөтүү максатында семинар өттү


КАРАКОЛ. Семинар диний экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү багытында тогуз пункттан турган резолюция кабыл алды. Облустук казы Шакир Мамытовдун айтымында, азыр «Хизб ут-Тахрир» - бул ислам эмес, ислам - бул “Хизб ут-Тахрир” эмес» деген чакырык менен "Хизб ут-Тахрир" уюму тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле Шакир Мамытов бул багытта ишти илгерилетүү зарылдыгын белгилеп, семинарда облустук администрация өкүлдөрүнөн диний билимди жогорулатуу үчүн алты айлык же эки жылдык курстарды ачуу үчүн имарат, жергиликтүү телеберүүдөн 15 минуталык убакыт сурады.
Облус боюнча тартип коргоодо иштеген үч кызматкер терроризм жана экстремизм боюнча күрөштү күчөтүү багытында Египетке бир айлык окууга барып келишти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын төрагасынын орун басары Капар Эсенкожоев билдирди. Анын айтымында, мечит имамдарынын диний билими жетишсиз болуп жатат.
Семинарга облустун ички иштер башкармалыгынын башчысы Бактыбек Алымбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Өмүрзак Мамаюсупов, облустук казияттын казысы Шакир Мамытов, облустук прокурордун орун басары Чойбек Сыдыков, баардык райондук мечиттин өкүлдөрү жана басма сөз кызматкерлери катышты.

XS
SM
MD
LG