ТАЛАС. Карабуура районунун прокурорунун мурдагы жардамчысы Жыргалбек Маатжакыпов 2002-жылы 16-март күнү жеңил автомашина менен 29 жаштагы Айгүл Жумашаеваны койдуруп кетип, ал ооруканада көз жумган. Бул иш боюнча Карабуура райондук соту 2003-жылы «12-августта прокурордун жардамчысынын кыймыл аракетинде кылмыш составы жок» деген өкүм чыгарган. Райондук соттун бул өкүмүн жакында облустук сот кайра карап, Жыргалбек Маатжакыповго «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин экинчи бөлүгү менен жабырланган адамдын өлүмүнө алып келген транспорт каражаттарын пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузган» деген айып тагып, беш жылга эркинен ажыраткан.