БИШКЕК. “Айрым депутаттар Кумтөр алтын кени тууралуу элге туура эмес маалымат берип, коомчулукта нааразылыкты жаратууга аракет жасап жатышат”, - деген пикирин бүгүн өкмөт үйүндө өткөн жыйында премьер-минстр Николай Танаев билдирди. Ошондой эле Николай Танаев өкмөт мүчөлөрүн Кумтөр алтын кени боюнча өкмөттүн токтому боюнча жер-жерлерде коомчулукка түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү тапшырды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитети шаршемби күнү биргелешкен парламенттик талкуу өткөрүшкөн. Жыйындын катышуучулары кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз түрдө реструктуризациялоого баргандыгын белгилешип, маселени парламенттин жалпы отурумунда талкуулоо чечимине келишкен. Кыргыз өкмөтү 31-декабрда Кумтөр алтын кенин реструктуризациялоо тууралуу чечим кабыл алган. Ага ылайык кыргыз өкмөтү менен «Камеко» ишканасы биргелешип «Центтера» ишканасын түзүшкөн. Жаңы түзүлгөн компаниянын акциясынын 30% Кыргызстанга, калган акциясы «Камеко» компаниясына тиешелүү болоору белгиленген.