Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен Франция Ооганстанга финансылык жардам көрсөтүүнү көбөйтөөрүн билдирди.
Вилпен билдирүүнү Кабулда Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен кездешкенден кийин жасады.
Вилпен ошондой эле Ооганстандагы НАТО башындагы көп улуттуу күчтөрдү – ISAFти канадалыктардан кийин европалык күчтөр жетектесин деген тилегин айтты:
- Биз канадалыктардын кезмети бүткөндөн кийин ISAFти Белгия, Франция, Германия, Люксембург жана Испаниянын аскерлеринен куралган Еврокорпус жетектөөсүн каалар элек. Менин оюмча, биздин европалык өнөктөштөрүбүз менен чогуу иштегенибиз бардык тараптар үчүн пайдалуу болот.