Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Улуттар Уюмунун эксперттери ирактык шииттердин талабын жактады


Бириккен Улуттар Уюмунун саясый эксперттер тобу ирактык шииттердин көсөмү аятолла Али Систанинин жалпы элдик шайлоону 30-июндан мурда өткөрүү талабын жактырды.
Бу жөнүндө топтун жетекчиси Лахдар Брахими Нажаф шаарында Али Систани менен кездешкенден кийин билдирди. Брахиминин айтышынча, ал “Систанинин талабын 100 процентке колдойт”. Анткени, “шайлоо ирактыктардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган бийликти куруунун эң мыкты жолу”.
30-июнда америкалык убактылуу администрация Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп бериш керек.
АКШлык аскерлердин маалымдашынча, кечээ күнү Багдадда жол жээгине коюлган бомбага кабылып, америкалык эки жоокер курман болду. Бир жоокер жараат алды.
Муну менен Ирак согушунда өлгөн америкалык аскерлердин саны 372ге жетти.

XS
SM
MD
LG