Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков өлкөнүн мамлекеттик сыналгы түйүндөрүн сынга алды. Вешняковдун айтымында, президенттик шайлоо өнөктүгү башталган 12-февралда ал сыналгылар президент Владимир Путин өткөргөн жыйынга өтө көп убакыт берип, башка талапкерлердин укугун чектеген. "Россия" каналы жыйынды толугу менен көрсөткөн, башка каналдар дагы окуяга абдан көп убакыт бөлгөн. Президенттик шайлоо Орусияда 14-мартта өткөрүлөт.