Индияга кызмат сапары менен келген Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен бүгүн атайын билдирүү жасап, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштеринде негизги мааниге Бириккен Улуттар ээ болууга тийиш деген пикирди дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, бир дагы мамлекет узакка улана турган тынчтыкты өз алдынча орното албайт. Франциялык министрдин пикиринде, андан тышкары, глобализациядан чыккан маселелерди жөнгө салуу үчүн Бириккен Улуттар жаңы агенттик ачууга тийиш.