Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Лахдар Брахиминин айтымында, Ирактагы жалпы элдик шайлоону мүмкүн болушунча эрте өткөргөн жакшы, бирок анын так мөөнөтүн белгилөө азырынча эрте. Шайлоо өткөрүү маселесин иликтөө үчүн Иракка Бириккен Улуттардын атайын өкүлчүлүгү келген жана Брахими ал топту жетектейт. 12-февралда Брахими Ирактык шийилердин жетекчиси аятолла Али ас-Систани менен жолугуп сүйлөшкөн. Систанинин пикиринде, шайлоону 30-июнга чейин уюштуруу зарыл, анткени 1-июлдан тартып америкалык башкаруучулук өлкөдөгү бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүгө тийиш.