Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Кыргызстандын Тажикстанга электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүктөрү иликтенүүдө


БАТКЕН. Баткендеги Айгүлташ подстанциясынан Тажикстандын Канибадам шаарындагы подстанцияга жогорку чыңалуудагы линия тартуу мүмкүнчүлүктѳрүн Азия ѳнүктүрүү банкынын электр энергия боюнча адиси Савер Умберт баштаган топ иликтөөдө. Алар облус губернаторунун биринчи орун басары Замирбек Нурмухамбетов жана энергетика адистери менен жолугушуп, Баткен-Канибадам электр линиясынын курулушу жана анын келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты. Долбоор ишке ашса Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоого шарт түзүлѳт, ал эми Тажикстан үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалат. Учурда курулуп жаткан Алай - Баткен электр линиясынын курулушу аяктаса Баткен облусу Тажикстандын электр энергиясына болгон кѳз карандылыктан кутулат. Ал эми Баткен-Канибадам долбоору ишке ашса Тажикстан тескерисинче Кыргызстандан электр энергиясын ала баштайт.


Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор – Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG