БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Нотариат жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизди. Ага ылайык жеке менчик нотариустардын иштөөсүнө уруксат берүүчү лицензиянын мөөнөтү чектелбей турган болду. Мыйзамдын автору депутат Азимбек Бекназаровдун пикири боюнча, мындай жобо адамдардын укугун коргоо менен бирге жеке менчик нотариустар менен алардын кардарларынын ортосундагы ишенимди бекемдейт. Бул мыйзамга киргизилген дагы бир өзгөртүү боюнча жеке менчик нотариус салык жана башка жыйымдарды төлөгөндөн кийин өз эсебине түшкөн акчанын баарын өзүнө калтыра алат.