ЛОНДОН. Орусиянын президенттигине талапкер Иван Рыбкин кечээ Лондондо маалымат жыйынын өткөрүп, Киевге ың-жыңсыз жоголгон күндөрү тууралуу билдирүү жасады. Рыбкиндин айтымында, 5-февралда аны бирөөлөр “чечендердин лидери Аслан Масхадов менен жолуктурабыз” деп Киевге чакырышкан. Бирок, ага акылдан адаштыра турган зат кошулган тамак-аш бергенден кийин 4 күн бою өзүнө келе албай жаткан:
– Кароолчулардын бири эч уялбай туруп “бул атайын жасалган иш болду” деп айтты. Алар мага менин катышуумда тартылган жийиркеничтүү видеотасманы көрсөтүштү. Ошол тасманын жардамы менен мени коркок билиш кылып алгылары келди. Алар мага “Москвага телефон чалып “баары жайында, мен Киевде эс алып жүрөм” деп айт” дешти.
Иван Рыбкиндин айтымында, Киевде болгон бул окуя Орусияда “эрежесиз булганычтуу оюндар” болуп жатканынын далили. “Бийлик тууралуу баардык чындыкты айтыш үчүн шайлоого чейин Орусияга барбайм, бирок президенттик үчүн күрөштү уланта берем”, - деп билдирди И. Рыбкин. Аны маалымат жыйынында Борис Березовский коштоп жүрдү.