Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Гуантаномодо камалып жаткандар эркиндик сураганга укуктуу


МАЙАМИ. Кечээ АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд “Гуантаномодогу Кошмо Штаттардын аскер базасында камакта жаткан адамдар эркиндик сурап арыз жазууга укуктуу” деп билдирди. Анын айтымында, камактагы атуулдун чындыгында эле АКШга коркунуч келтирип-келтирбесин аныктай турган атайын комиссия түзүлдү жана ал жыл сайын чечим кабыл алып турат. Рамсфельддин көз-карашында, Гуантаномодо камакта жаткандар АКШ бийлиги аларды канча кармоону кааласа ошончо убакыт жатышат:
– Бул - согуштун мыйзамы. Согуш учурунда душмандар ушинтип камалат. Мага “ар бир согушта ушундай болгон” деп айтышты. Бул – коопсуздук үчүн, мен айтаар элем, акыл-эске туура келе турган иш.
Гуантанамодо Ооганстандан кармалып келген “ал-Каиданын” жана Талибандын 600дөн ашуун мүчөлөрү камакта жатат жана аларга ырасмий түрдө күнөө коюла элек.

XS
SM
MD
LG