Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази билдирди. Байкоочулар бул билдирүү былтыр Тегеран байытылган уранга байланыштуу ишмердигин токтотуу боюнча кол койгон макулдашууну бузат деген пикирде. Кечээ Вашингтон кайрадан Иранды Бириккен улуттар уюмунун Атом энергиясы боюнча агенттиктин алдындагы милдеттенмелерин аткарууга үндөгөн. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Ричард Баучер Тегеранды өзөктүк куралдарды өнүктүрүүгө байланышкан маалыматтарды жаап-жашырып жатат деп айыптады. Иран өзөктүк программаларынын баары тынч максаттарды гана көздөөрүн кайталап келет.
Иран атомдук станцияларга керектелчү отун өндүрө баштаганын билдирип, аны чет элдик кардарларга сунуш кылды