- Гуантанамодо машине уурдай качкан, же банкты карактаган кадимки кылмышкерлер камалып отурбаганын эске алуу керек. Алар – биздин өлкөгө каршы согуштук аракеттерге катышкан жоочулар, же террорчулар, ошондуктан алардын иштери өзгөчө тартипте каралышы абзел, - деди Пентагондун башчысы жума күнү Майамиде өткөн жолугушуу маалында. Ооганстандагы согуш учурунда 660ка чукул адам туткундалган, алардын көбүнө алигиче расмий айыптар тагыла элек.
АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Кубадагы Гуантанамо аскерий базасында кармалган туткундардын иши жыл сайын кайра каралып тураарын билдирди