Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Өзбекстандын президенти И.Каримов Казакстандын түштүгүндөгү суу ташкыны үчүн Кыргызстанды күнөөлөдү


Казак президенти Н.Назарбаевге жөнөткөн катында Каримов Кыргызстан мурда кол коюлган макулдашууну бузуп, өзүнүн суу сактагычтарынан агып чыккан суунун көлөмүн көбөйтүп жибергенин маалымдаган. Ошондой эле өзбек президенти казак кесиптешин аталган чөлкөмдөгү суу ташкынын токтото турган жаңы макулдашууга жетишүүгө үндөгөн. Казакстандын түштүгүндө Сырдарыядагы суу ташкындап, жээктериндеги 340тай үйдү каптап кеткендиктен, ушул аптада казак бийликтери 2000дей адамды башка жактарга көчүрүп, дагы бир нече айыл коркунучка кабылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG