Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Санкт-Петербург шаарынын губернатору келет


БИШКЕК. 19-20-февралда Кыргызстанда иш-сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын губернатору Валентина Матвиенко болот. Ал Бишкекте өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон расмий тараптар менен жолугушуп, өз ара кызматташуу маселелерин талкуулайт. В. Матвиенко менен бирге Санкт-Петербург шаарынын жоон топ ишкерлери да Бишкекке келмекчи. Губернатор иш-сапары учурунда Кант аскерий аба майданында, Кыргыз-орус (славян) университетинде да болмокчу. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов бүгүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG