Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:57

БАКУ уюмунун жыйыны болот


БИШКЕК. 19-февралда Алматы шаарында Борбор Азия кызматташуу уюмуна (БАКУ) кирген мамлекеттердин улуттук координаторлорунун жыйыны болот. Ага Кыргызстандын бул уюмдагы координатору, вице премьер-министр Базарбай Мамбетов катышат. Базарбай Мамбетовдун айтымында, Алматы жыйынында регионалдык суу-энергетикалык консорциумун түзүү, азык-түлүк, чектеш райондордо соодалашуу, транспорт, жол маселери каралат. Ал эми 20-февралда болсо Борбор Азия кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлүшү күтүлүүдө. Бул уюмга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.

 

XS
SM
MD
LG