БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде Жергиликтүү жамааттар, дыйкандар-партиясынын үчүнчү курултайы болду. Аны партия лидери Эсенгул Исаков ачты. Партия лидерлеринин бири Төлөбек Өмүралиев негизги максат күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештерге, андан кийин парламенттик шайлоого катышып, жеңишке жетишүү экендигин билдирди. «Эгерде биз бул шайлоолордо жеңишке жетишсек, президенттик шайлоону утууга шарт түзөбүз», - деди Т. Өмүралиев. Анын айтымында, Жергиликтүү жамааттар, дыйкандар партиясын президент, мамлекеттик катчы жана президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков колдоп жатышат.