Бүткүл өлкө боюнча жүрүп жаткан куралсыздандыруу программасынын чегинде бүгүн Түндүк Альянстын бир нече ракета атуучу замбиректери, төрт танкы, үч "Скад" ракетасы Пандшер өрөөнүнөн алынып кетти.
Бүгүн ошондой эле Орусияда Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 15 жылдыгы белгиленди. Бүт өлкө боюнча согуш ветерандарынын катышуусу менен эскерүү кечелери болуп өттү.