Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

Маскөөдө кышкы бассейндин айнек чатыры кыйраганда каза тапкандар 26га жетти


Жараат алгандардын саны 100дөн ашты. Кечээ орун алган кырсык жайында куткаруучулар түнү менен иштешти.
Маскөө шаарынын акими Юрий Лужков мындай деди:
- Чатыр кечки саат жетиден 15 мүнөт, 43 секунд өткөндө кыйрады. Баары көзөмөлдөөчү камераларга тартылып алынган. Чатыр кыйшайып келип, тез эле кыйрап түшкөн.
Минус 15 градуска жеткен суукта үстү ачык калган бассейнде атайын жылыткычтар иштеп жатат. Каза тапкандардын кеминде төртөө, жараат алгандардын 25и жаш балдар экени кабарланууда.
Айнек чатырдын кыйрашына кардын калың жааганы же чатырдын эрежелерди бузуу менен курулганы каргаша болду деп болжолдонуп жатат. Кыйроонун мезгилинде бассейнде 350 чакты киши болгон, алардын көбү чатыр кулай баштаганда, сууда сүзгөн кийими менен көчөгө чуркап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG