Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Баткенде Ооган согушуна катышкандарды эскерүү митингиси болду


БАТКЕН. Облус борборунда өткөн эскерүү митингисине Ооганстанда кызмат өтөгөн жоокерлер, алардын жакындары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Алгач эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди. Андан соң облус губернатору Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, ооган согушунун катышуучуларына кам көрүү зарылдыгын, аларды унутууга болбостугун белгиледи. Эскерүү жыйынында мындан беш жыл мурда болгон Баткен коогалаңында куралчан топко каршы алгачкылардан болуп ооганчы жоокерлер аттанышканы белгиленди. Митингдин соңунда Ооганстанда курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулуп, ооганчы жоокерлерге белек, сый тамак берилди. Ооган согушуна Баткенден 588 жоокер кетип, алардын 27си кайтпай калган.

XS
SM
MD
LG