Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Парламентте кылмыштарды алдын алууну шарттаган мыйзам долбоору каралат


БИШКЕК. Жакында Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасында кылмыштардын алдын алуу иш-чаралары жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралат. Мындай маалымат бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Мыйзам долбоору 2003-жылы Ички иштер, Юстиция министрликтери жана Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан. Анда өлкөдө кылмыштардын, укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлө турган иш-чаралардын тартиби, тартип коргоо органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуунун механизмдери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз алдынча башкаруу органдарынын кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу иштерине активдүү тартылышы каралган. Мыйзам долбоорунда Аксакалдар соту, жер-жерлерде тартип коргоо органдарынын иштерине көмөктөшчү борборлор сыяктуу атуулдук коомдун институттарын өнүктүрүү маселеси да камтылган. Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин баамында, «Кылмыштардын алдын алуунун иш-чаралары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кылмыштуулукту, өзгөчө жаштар арасындагы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнү шарттайт.

XS
SM
MD
LG