Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Австралиялык аборигендер менен полициянын кагылышуусу 9 саатка созулду


Өткөн түнү австралиянын Сидней шаарында аборигендер менен полициянын калыгышуусу болду. Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, 100гө жакын абориген менен тогуз саатка созулган кагылышууда 40 полицай жараат алды.
Чатак абориген баланын жума күнү велосипедден темир кашаага жыгылып, кийинки күнү ооруканада каза болуусунан улам чыкты.
Баланын апасынын айтымында, анын уулу полициядан качып баратып, жарадар болгон экен.
Полициянын билдиришинче, абориген бала полицайды көрүп качып баратып, велосипедди башкара албай калган.
Жергиликтүү аборигендер Сиднейдин эң жарды бөлүгүндө жашашат.

XS
SM
MD
LG