Ишемби күнкү Москванын аквапаркындагы кырсыкта, соңку маалымат боюнча, бери дегенде 25 киши, анын ичинде алты бала набыт болду.
Россиянын чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгунун сөзүнчө, аквапарктын айнек жана болот тунике менен капталган чатырынын урандылары астында калган 17 кишинин жасаты али табыла элек.
“Урандылардын астында калган адамдардын тирүү табыларына ишеним жок”, - деп билдирди Москванын мэри Юрий Лужков жекшемби күнү.
Аквапаркты долбоорлоп курган түркиялык “Кочак иншаат” фирмасынын жана “Сергей Киселев жана анын өнөктөштөрүнүн архитектуралык өнөрканасы” деп аталган компаниянын лицензиялары токтотулду.