Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Акыйкатчы президент А.Акаевге кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылуу жолдоду. Анда акыйкатчы Жогорку соттордун судьяларын дайындоодо башкы прокуратура жана акыйкатчыдан талапкерлердин мурдагы иши тууралуу маалымат алуу, мурда соттолбогондор жана жеңил кылмыш жасагандарга абак эмес, акчалай айып салуу өңдүү жазаларды көбүрөөк колдонуу, өлкөдө өлүм жазасына тартылган 139 адамдын тагдыры толук чечилмейин, андай өкүм чыгарууга мораторий киргизүү, өлүм жазасына тартылгандар оор шартта кармалгандыктан, аларга жаңы абакты куруу жана Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү үчүн жана улуттук жарашуунунун жолу катары спорттук мелдештерди өткөрүү сунушталган. Акыйкатчы ошондой эле ички иштер министрлигин реформалоо боюнча өз сунуштарын мамлекет башчысына жолдогон. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG