Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Шарп ылаңынын таралышы талкууланды


БИШКЕК.Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети шарп ылаңынын тарашына байланыштуу маселени карады. Учурдагы кырдаал боюнча мамлекеттик ветеринардык департаментинин төрагасынын орун басары Бакыт Алиев маалымат берди. Комитет жыйынында айтылган маалыматка караганда, Кыргызстан боюнча 48 жерде шарп ылаңы катталып, ага 1759 бодо мал тушуккан. Учурда 229 бодо мал эмделип жатат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары аткаруу бийлигин сынга алышып, өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугу сакталбай жаткандыгын белгилешти. Депутаттар маселени иликтөөнү башкы прокуратурага тапшырып, ал эми аткаруу бийлигине ылаңдын жайылышы боюнча толук маалымат берүүнү жана анын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG